«Формула-1» боюнча жети жолку дүnya чемпиону Льюис Хамилтон Газа секторундагы Египеттин «Рафах» чек ара өткөрүү пунктуна барды. Жарыш айдоочу Палестина аймагына гуманитардык жардам жеткирип жаткан уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Хамилтон Египеттин Кызыл Жарым Ай коому башкарып жаткан жана Газадагы тынч калкка арналган негизги жүктөр өтүп жаткан логистикалык кампалар менен таанышты.
Даңкты жарышчы мурда да аймактагы жаңжал жана гуманитардык кризис жөнүндө бир нече жолу ачык пикир айткан. Ал социалдык тармактарда Израилдин Газага жасаган аба соккуларынан курман болгон балдарга туруктуу көңүл буруп, от ачууну токтотууга чакырган.
Мындай масштабдагы спортчунанын баруусу дүnya коомчулугунун аймактагы абалга жана жардам жеткирүүгө аракет кылып жаткандардын ишине болгон көңүлүн дагы көбүрөөк жогорулатууда.